Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Түркияда күрд жикчилеринин кол салуусунан үч жоокер мерт болду


Күрд согушкерлери өлкөнүн түштүк чыгышында жасаган кол салуу Түркия менен Ирактын премьер- министрлери күрд жикчилерине каршы биргелешип күрөшүүнү макулдашкандан бир нече сааттан кийин болуп олтурат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Күрд Жумушчу партиясы же ПККнын согушкерлери Түркиянын Ирак менен Сирия чек арасында жакын Кизре кыштагына жасаган чабуулдан үч жоокер мерт болуп, тогузу жаракат алды. Мунун алдында Анкарада түрк өкмөт багчысы Режеп Тайып Эрдоган ирактык кесиптеши Нури ал-Малики менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн эле. Алар Ирактын түндүгүндө жашырынып жүргөн күрд согушкерлерине каршы күрөштө кызмтташтыкты күчөтүүнү убада кылышкан.

XS
SM
MD
LG