Орус президенти Дмитрий Медведев мындай эскертүүнү орусиялык телеге берген интервьюсунда жасады. Ал эми Газпром компаниясы эгер жаңы келишимге кол коюлбаса, 1-январда тарта Украинага газ берүүнү токтоторун билдирүүдө. Газпромдун эсептөөсүндө, каржы кризисин жана саясий олку-солкулукту баштан кечирип жатканын Украинанын аларга карызы азыр 2,1 миллиард долларды түзөт. Газпромдун маалымат катчысы, Сергей Купряновдун ырастоосунда, азыр Украина менен талаш көгүлтүр отту Европага жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратпоосун кепилдеген укуктук жана техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Буга чейин бир ирээт эки өлкөнүн ортосунда газ боюнча талаш чыкканда, газды Европа жеткирүү үзүлтүккө учураган эле. Анткени көгүлтүр оттун бир бөлүгү Украинанын аймагындагы куурлар аркылуу агат.