Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Өкмөт чет элдик каражатты дыкат иликтеп туруп алууга милдеттүү

Кыргыз өкмөтү Орусия берем деп жаткан 2 миллиард долларды кайда жана кантип пайдалануу жолун дыкат иликтеп туруп алууга милдеттүү. Мындай оюн “Азаттыкка” экс-премьер министр Амангелди Муралиев билдирди. Анын айтымында, эгер бул каражат жөнсүз пайдаланылса Кыргызстандын тышкы карызы эки эсе көбөйүп, акырында суу-энергетикалык ресурстарга Орусия ээлик кылып калышы ажеп эмес. Ушундай эле пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева көтөрүп, орусиялык каражатты алуудан мурун катуу ойлонуу талабын койгон.(BD)
XS
SM
MD
LG