Кыргызстанда улуту, расасы, туткан дини үчүн шылдың кылып, региондор арасында араздашууга от жаккан адамдар мындан ары 50 миңден 100 миң сомго чейин айыппул тартышат же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Парламент мындай жобону кечээ Кылмыш кодексине киргизди. Ага ылайык аталган тартип бузууларды тобу менен жасагандарга карата берилчү жаза күчөтүлдү. (BD)