Анда Чыңгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу жана шаардык бюджетти бекитүү маселеси каралат. Президент Курманбек Бакиевдин 10-декабрдагы жардыгы менен Бишкектеги Эмен паркына Чыңгыз Айтматовдун ысмын берүү сунушталган. Ал эми жаңы жылда борбордун бюджетинин киреше бөлүгү 3 миллиард 902 миллион сом, чыгаша бөлүгү да ушунча сом болот деп болжолдонууда. (BD)