Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Укук коргоочулар ЖКнын ажы депутаттарына суроо жолдошту


Кыргызстандагы укук коргоочулар Жогорку Кеңештин Меккеге ажылыкка барып келген 3 депутаты Ажыбай Калмаматов, Табылды Орозалиев жана Пархат Түлөндыбаевге маалымат каражаттары аркылуу суроо салышты. Анда депутаттардын ажылыкка барышы Конституциянын 1-беренесиндеги өлкө “лайык мамлекет” жана 8-беренесиндеги “эч бир дин мамлекет тарабынан таанылбайт” деп жазылган жоболорго карама-каршы келбейби, депутаттар ажылык зыяраттарды жумуш убагында жасаштыбы же атайын эс алууга чыгыштыбы жана алардын сапары тууралуу маалымат таратууга эмне үчүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы пайдаланылды деп сурап, депутаттардын конституциялык принципти сактагандыгына күмөндүгүн билдиришти. Аталган депутаттардан суроого азырынча жооп боло элек. (BD)

XS
SM
MD
LG