Рим папасы Бенедикт-XVI дүйнө католиктерин Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктаган кайрылуусунда Жакынкы Чыгыштагы зордук-зобунду токтотууга чакырды. Кабарларга караганда, дүйнөнүн алтымышка жакын өлкөсүндө токсондон ашуун сыналгы каналдары католик чиркөөсүнүн башчысы Бенедикт-XVIнын кайрылуусун көрсөтүштү. Дүйнөдө христиан динин карманган эки миллиарддан ашуун адам бар деп айтылууда. Алардын көпчүлүгү үчүн 25-декабрь Пасха менен биргеликте жылына бир ирет майрамдала турган эки майрамдын бири. 200 миллиондой православ христиандары болсо Ыйса пайгамбардын туулган күнүн Юлиан жыл эсеби боюнча 7-январда белгилешет.