Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Бийликтин менчиктештирүү жана сатуудан башкага башы жетпейби?


Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын катарын жаңыдан жарыкка аттанган дагы эки гезит толуктады. Беш миң нуска менен “Айгай” деп аталган коомдук-саясый гезит күркөлөргө түштү. Башкы редактору мурда “Агым”, “Аалам” гезиттерине жетекчилик кылып жүргөн таанымал журналист Кенжебек Арыкбаев. Экинчи гезиттин аты “Эл сөзү” деп аталат. Башкы редактору белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков.

Мына ушул “Эл сөзү” гезитине интервью берген генерал Мирослав Ниязов Кыргызстандын экономикалык көтөрүм абалын оңдоо үчүн жетиштүү ресурстар бар экенин, маселен суу-энергетика тармагы эле өлкөгө 1, 6 млрд. АКШ доллары көлөмүндө пайда алып келерин, жер алдында 30 млрд. тонна көмүр, 10 млрд. тонна темир кендери жатканын, мындан сырткары цемент боло турган чийки заттын кору – 260 млн. тоннага жетерин, мындан сырткары да далай байлыктар барын санап кеткен.

М. Ниязов андан ары бийликтегилердин биздин өлкөгө инвесторлор келебиз деп араң эле турат деп айткандары карандай калп экенин, өлкөнүн бүгүнкүдөй абалын көргөн бир дагы инвестор Кыргызстанга басып келбестигин жана олуттуу иш жүргүзө турган инвесторлордун ордуна энергетика, байланыш, транспорт тармагындагы арам акчаларын көздөн жаздым кылыш үчүн бийлик алып сатарлар менен авантюристтерди чакырышы ыктымалдыгын айтат.

Генералдын ою боюнча мамлекеттин акыркы менчиги сатылып бүтмөйүн олуттуу инвестор Кыргызстанга келбейт. Анткени Кыргызстандын жаңы тарыхы өткөн доордон калган байлыкты каалагандай талап-тономой, каалагандай сатмайдан гана турду. Менчиктештирүү жана сатуу бийликтин туткан туусуна айланды. Ал мындан бөлөктү көргөн да жок, көргүсү да жок. Эми бийлик качып кеткен президент сатып үлгүрбөй калган мамлекеттик менчиктерди сатып жибергенге шашып жатат.

“Айгай” гезити баяндамачы Үсөн Касыбековдун “Асты таш, үстү таш, ортосундагычы?” деген ат менен өлкөдөгү акыркы саясый окуяларды жиликтеген макаласына орун берди. Уламдан улам курчуп бараткан саясый кырдаалда оппозициялык күчтөрдүн активдеши табигый көрүнүш деп баяндаган автор өлкө дефольттун босогосунда турат деп жазат.

Анын айтымында бара-бара кризистик кырдаал курчуй берет. Оппозициялык күчтөрдүн биригиши консолидациянын ыкчамдашынын күбөсү. Айрыкча “БЭКке” А. Бекназаровдун кошулушу коюлган талаптардын курчтугун далилдейт. Ушул эле автордун “Азаттык” кантип адашты?” деген аталыштагы макаласы да жарык көрдү.

“Азаттык” радиосу ырасмий басма сөзгө атаандаш маалымат каражаты катары чыгып, кагаз пресса жетпей тунжурап турган элеттик калың калк катмарына кадимкидей тыгынчык болуп келгени айтылат. Ошондой эле саясатчы Роза Отунбаеванын сөзү менен айткандай “Азаттык” азыркы президент К. Бакиевди бийликке алып келгени чын болсо, анда бул радио жаңылышкан, анда күнөө “Азаттыктын” өзүндө. "Ошон үчүн колуң менен жасаганды мойнуң менен тартканың оң. Бул табалагандык эмес",- деп жазган баяндамачы “Азаттык” да агарууга, тазарууга катуу муктаж" деп жазат.

“Асман пресс” гезити жылдын мыктыларын аныктады. Анда эң көп добушка ээ болгон президент Курманбек Бакиев 1-, Жаныш Бакиев 2-, “Дордой” базар башчысы Аманбай Кайыпов 3-орунга чыгып, Кыргызстандагы мыктылардын алдыңкы сабынан орун алышты. Гезиттен ошону менен катар эле министр А. Жапаров, саясатчы К. Байболов, деректир Т. Мамашев, шаар мэри Н. Түлеев, депутат С. Кадыралиев жана башкалардын маектешүүлөрүн окууга болот. Аталган басылма Кыргызстандын тунгуч президенти А. Акаевдин кыргыз элине жаңы жылдык кайрылуусун да басты. Анын бир жеринде:” Антиконститциялык жол менен жасалган “жоогазын революциясынын” толкунунда бийликке келгендердин оңду-солду берген убадалары ишке ашпай, элди алдоо болуп чыкты. Бийликке мыйзамдуу негизде, демократиянын жолу менен, Акүйдөгү банкрот болгон төбөлдөрдүн ордуна билимдүү, компотенттүү, колунан иш келе турган жаш муундардын саясый элитасы келүүсү абзел” деп айтылган.

“Агым” гезити кечээ УТРКнын башкы деректири М. Эшимкановду президент К. Бакиев кабыл алганын, анда телеканалдын техбазасы жана журналисттердин айлык маянасы туурасында сөз болгонун айтып келип, буга чейин жалган маалыматтарды таратып келген “Ачык саясат”, “Жаңы ордо”, “Аалам” гезиттерин Мелис мырза сотко берерин кабарлады.

Гезит ушул эле санында Асанбай Жумакеев деген автордун “Оппозиция Америкага барып СССРди эстеп жаш төктү” деген макала басты. Саясаттан алыстап кеткен ишкер Ө. Бабанов менен маек курду. Мындан тышкары “Эмне үчүн?” деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылды. Маселен коомдук ишмер К. Алыкулов кабарчынын: “Жазга жетебизби?” деген суроосуна “Учурда Токтогул каскадында 8,5 млрд. метр куб суу бар экен. Кокус чилде каарын төксө жазга жетер-жетпесибиз күмөн” деп, кабарчынын:”Дүйнөдө нефтинин, техниканын баасы арзандады. Эмне үчүн мындай көрүнүш бизде байкалбайт” дегенине экономика доктору А. Сарыбаев “Бул процесстин Кыргызстанга таасири тийбегенинин башкы себеби – ошол продукцияны алып келип саткан фирмалар монополдошуп, алардын “крышалары” коррупцияланып кеткен. Ошондуктан бизде баалар төмөндөбөйт, кайра жогорулашы мүмкүн” деп жооп берген.

“Жаңы кылым” гезити жалаң жылдык куттуктоолор менен жарыкка чыкты.

“Ачык саясат” гезити баш макаласынын атын “Акаев менен Бакиев, КЭК менен БЭК” деп атады. Ал кездеги оппозициялык кыймылдардын баарысы “КЭКке” же жандырып айтканда – Кыргызстан Элдик Кыймылына биригип, Акаевди айдап салышкан дейт автор. Эми эмне болду? Ошондогу “КЭК” менен азыркы “БЭКтин” айырмасы барбы? Бар экен. Анткени азыркы “БЭКтин” же – Бириккен Элдик Кыймылдын катарында К. Бакиев менен Т. Акун гана жок экен. Калгандарынын баары бар. Ал эми азыркы Бакиевдин командасы менен мурунку Акаевдин командасынын айырмасы барбы?

Бар экен. Анткени азыркы Бакиевдин командасында болгону Акаев менен Жанузаков гана жок. Ошо кезде Бакиев башында турган Кыргызстан Элдик Кыймылына бут тоскон Акаев жана анын командасындагы М. Суталинов, А. Ногоев, Н. Түлеев, Т. Тудумамбетов, А. Ширшов, С. Балкыбеков, И. Давыдов, Э. Сатыбалдиев, К. Ташиев, Б. Ногойбаев, Ч. Баекова, Ж. Алиева ж.б.у. сыяктуулар бүгүн Бакиевдин командасын түзүп калышкан. Демек азыр баягы эле саясат, баягы эле күрөш уланууда. Төрт жыл мурун революциянын боюна бүтүп “КЭК” төрөлсө, эми анын иниси – “БЭК” төрөлдү деп баяндайт Рыскелди Момбеков.
XS
SM
MD
LG