“Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” деп аталган мыйзамдын жаңы редакциясын парламент бүгүн кабыл алды. Мыйзам контрактык негизде кызмат өтөөгө, аскерге чакыруунун шарттарын өркүндөтүүгө шарт түзөт,-деп билдирди коргоо министри Бакыт Калыев. Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков мыйзамдын 27 беренесинде аскерлердин ички ишке кийлигишине жол берилери каралган, ал куралдуу күчтөрдү саясий режимди сактоо үчүн пайдаланууга жол ачаарын эскертти. Социал-демократтардын башка депутаттарынын каршылыгына карабай, мыйзамдын жаңы редакциясы көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.(AiT)