Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Жалал-Абадда Барпы театрында балаты майрамы башталды


Губернатордун орунбасары Дамира Алимжанованын маалыматы боюнча бүгүн облус борборуна жер-жерлерден 120 окуучу чакырылды. Алар окуунун алдыңкылары жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары. Балатыга чогулгандарды губернатор Кошбай Масиров куттуктап, облустун социалдык-экономикалык абалы, 6 миллиард сомдук инвестиция тартылып, мамлекеттин күчү менен Камбар Ата 2 ГЭСи курулуп жатканы тууралуу маалымат берди. Окуучулардын ар бирине 360 сомдук белек-бечкек тапшырылды. Жаңы жылдык майрам бүгүн Ноокен районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген мектепте жана Сузак районундагы балдар үйлөрүндө да өткөрүлдү. Барпы театрынын артисттери оюн-зоок тартуулады. Майрамдык шаан-шөкөттөргө 186 миң сом каражат жумшалды деп айтты Дамира Алимжанова. Коомчулуктун пикири боюнча балатыга балдар былтыркыдан аз санда чакырылган. (YA)

XS
SM
MD
LG