Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Талас шаарынын ичиндеги жолдорду каардан тазалаганга атайын техника жок


Талас шаарынын ичине бүгүн түнү менен жааган каардын калындыгы 25 смге чейин жетти. Талас шаардык коммуналдык чарбанын кар күрөгөн техникасы жок болгондуктан, жолдор тазаланбай, эртең менен эрте чыккан автоунаалар карда тыгылышып, айдоочулар кыйла кыйналышты. Күндө жайнап жүргөн автоунаалар бүгүн шаардын ичинде азайганы байкалат. Талас шаардык автоинспекция бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Оморовдун айтымында жогоруда кыйынчылыкка карабастан шаар ичинде жол кырсыктары катталган жок. (UA)

XS
SM
MD
LG