Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан эки чет элдик жаракат алды


Жанкечти айдаган автоунаа өлкөнүн батышындагы Герат шаарында аскерий кербенди бутага алган. Бирок жарылуудан ооган полициясы жана аскерлери менен контрактык негизде иштеген эки чет элдик жаракат алган. Алардын улуту азырыча беймаалым. Бул аралыкта АКШ баштаган коалициянын билдирүүсүнө караганда, Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында өткөрүлгөн рейд учурунда Талибандын он бир согушкери, анын ичинде бомба жасоочу топтун жетекчиси жок кылынды. Тинтүү учурунда ондогон жер миналары, гранаталар, бомба жасоочу материалдар, Калашников автоматтары табылган.

XS
SM
MD
LG