Бул - Кытай аскерий кемелерине согуштук милдет жүктөө менен аларды акыркы жүз жылдыктарда биринчи ирээт өзүнүн аймактык сууларынан тышка чыгаруусу. Эки аскерий жана бир колдоо көргөзүүчү кеме эл аралык көзөмөл астында турган Аден булуңуна багыт алды. Бул аймактагы сууларда пираттардын товар тарткан кемелерге кол салуусу акыркы кездери көбөйүп кеткен эле. Кытайлык кемелердин сапары үч айга эсептелген.