Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Иранда адам укугун коргоочу топ кеңсесинин жабылышына макул эмес


Кеңсеси Иран полициясынын өткөн жекшембидеги рейдинен кийин жабылган Адам укугун коргоочулар борборун Нобель сыйлыгынын ээси Ширин Эбади жетектөөчү. Борбордун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар эми бийликтин кеңсени жабуу чечимин жокко чыгарууга жетишүүнү көздөөдө. Иран полициясы укук коргоочулардын кеңсеси жабылуусунун жүйөөсү катары алар ички иштер министрлигинен уруксат албаганын билдиришкен. Адам укугун коргоочулар борбору кеңсеси жабылган кезде БУУнун Адам укуктары боюнча жалпы декаларациясынын алтымыш жылдыгын белгилөөгө даярданып жатышкан.

XS
SM
MD
LG