Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Оштук белгилүү укук коргоочу Равшан Гапиров абактан бошотулду


Равшан Гапиров 26-декабрда кечинде абактан боштондукка чыгарылды. Ош шаардык соту Равшан Гапировду интернет аркылуу тараткан баракчаларында өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” диний партиясын колдогон деп айыптап, жакында бир жылга эркинен ажыраткан эле. Укук коргоочунун өзү 27-декабрда «Азаттыкка» кабарлашынча, өлкөдөгү бүгүнкү сот адилеттигине ал дээрлик ишенбейт. Анткени, алар эбак аткаруу бийлигинин куралына айланган, мансаптагылардын ар кандай буйругун кыйшаюусуз аткарганга даяр, дейт ал. Ошол себептүү Гапиров облустук сотко апелляциялык арыз жазган жок, бирок абактан мыйзамга ылайык бошотулду.
Ал эми мамлекеттик айыптоочу Нематжан Гудуков Гапировго байланышкан фактылар толук далилденген, сот өкүмү күчүнө киргиче укук коргоочунун абакта 1,5 жыл жатып калышы ага чоң сабак болду деген пикирин “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Бир катар жергиликтүү укук коргоочулар Равшан Гапиров мыйзам бузган эмес жана соттук жаза саясий куугунтуктун түрү болду деп санашууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG