Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 12:01

Израиль эки күндөн бери Газаны соккулап жатат


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Газага чабуулдарды тезинен токтотууга чакырды. Газадагы кырдаалга тынчсыздануусу билдирген Улуттар уюму Израилди да, Палестинаны да зордук-зобунду токтотууга үндөдү. Коопсуздук кеңеш Газадагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөргөн. Палестина жетекчилигинин айтымында, Израилдин чабуулдарынан Газада 271 адам набыт болду. Бүгүн да израилдик согуш учактары абадан сокку урушууда. Алты адам өлгөнү кабарланууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG