Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Жалал-Абатта тоолуу аймактагы жолдор көчкүлөрдөн тазаланууда

Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармасынан алынган маалыматка караганда Казарман-Акталчат жолу боюнча таратылган маалыматтар чындыккка дал келбейт. Айрым Интернет маалымат агенттиктери бүгүн Тогуз-Торо районундагы аталган жол 70-72 чакырымында жабык деп билдирүү таратышкан. Андай билдирүү ал райондон кечээ алынган жана бүгүн ал жол толук тазаланып, унаакаражаттарынын каттоосуна ээн-эркин мүмкүнчүлүктөр ачылды. Ош-Бишкек автоунаа жолунун үч бөлүгүнө түшкөн кар көчкүлөр да тазаланып бүттү. Жол ачуу жумуштары Каныш-Кыя – Жаңы-Базар - Кировка багытында да жүргүзүлдү. Чаткал районундагы бул жолго 26-декабрь күнү 5 миң чарчы метр кар көчкүсү түшкөн болчу. (YA)
​
XS
SM
MD
LG