Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Таласта милиция кызматкерлерин күч колдонду деп айыптап соодагер айым “Азаттыкка” кайрылууда


Мына ушундай арыз менен бүгүн “Азаттыкка” Талас шаарынын тургуну жеке ишкер Деңизбү Бекмурзаева кайрылды. Анын айтымында 3-декабрь күнү түшкү саат экилер чамасында Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн 6 милиция кызматкери базарда, жол жээкте соода кылууга болбойт деп, анын сатып жаткан буюмдарын күч менен тартып алышкан. "Күч колдонуп, колумду кайрыгандыктан эс учумду жоготтум",- дейт Бекмурзаева. Милиция кызматкерлеринин күч колдонгонун базардагы айрым соодагерлер да көрүшкөн. Милиция кызматкерлери мындай фактыны четке кагууда. (UA)

XS
SM
MD
LG