Бул өлкөнү акыркы эки жылдан бери армия колдогон утурумдук өкмөт башкарып келүүдө жана азыркы шайлоо өлкөнү демократиялык нукка кайтарууну көздөйт. Шайлоодоргу негизги атаандаштар: мурдагы аял премьер- министрлер: Шейх Хсина менен Халеда Зиянын саясий партиялары. Бул эки аял 2006-жылга чейин акыркы 15 жылда өлкөнү кезектешип башкарып келген эле жана шайлоодон кийин бири кайра эле премьер- министр болору күтүлүүдө. Шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкө боюнча 650 миң полицей жана аскер жайгаштырылганына карабай, кабарларга караганда, атаандаш эки топтун жактоочулары ортосундагы кагылыштан кеминде 18 киши жаракат алды.