Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Орус акчасынын еврого карата курсу рекорддук чекке арзандады


Рублдин еврого карата курсу бүгүн 2,4%га арзандап, бир евро 41,6 рублге бааланды. Бул бирдиктүү европалык валюта жүгүртүүгө киргизилген 1999-жылдан бери орус акчасынын ага карата курсунун эң төмөнкү чекке түшүүсү.
Рублдин курсу Орусиянын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат. Адатта ал улуттук акчанын бир күндө 1%дан ашуун нарксыздануусуна жол бербейт. Бирок быйыл ноябрь айынан бери Орусиянын Улуттук банкы рублдин кескин нарсыздануусуна 10 жолудан ашуун жол берди. Орус акчасынын куну глобалдык каржы кризистен улам мунай баасы арзандап, капитал өлкөдөн сыртка агыла баштагандан бери кетүүдө. Анткен менен орус премьер-министри Владимир Путин бүгүн өкмөттүн быйылкы жылдагы жыйынтыктоочу отурумунда сүйлөгөн учурунда өкмөт узак мөөнөткө эсептелген экономикалык пландарынан баш тартпай турганын, мурдагыдан да катуу иштеш керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG