Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлагандай өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Илияс Давыдов газды импорттоого байланышкан сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Ташкенге кайрадан жөнөп кетти. Өткөн жуманын бейшемби-жума күндөрү башталган эки тараптуу сүйлөшүүлөр баа боюнча бир келишимге келе албагандыктан улам, аягына чыкпай калган. Өзбекстан Кыргызстанга сатуучу газдын миң кубометрин 300 доллардан баалап, бир аз төмөндөтүүгө макул болгон. Кыргыз тарап миң кубометр көгүлтүр отунга 145 доллар берүүгө макулдугун билдирүүдө.
Кыргызстан Өзбекстандан жыл сайын 800 млн кубометрге чукул көгүлтүр отун сатып алат. 2006-жылы газдын миң кубометрин 55 доллар, 2007-жылы 100 доллардан алган. Өтүп бара жаткан жылы болсо миң кубометр газ үчүн кыргыздар 145 доллардан төлөп келишти.(ZKo)