Монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты күчөтүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей комиссия нан жана нан азыктарына баалардын бир калыпта кармалышына көзөмөл кылат. Мындан тышкары нан жана ун азыктарынын сапаты, түрү жана салмагынын мамлекеттик стандартка шайкештигин текшерүүгө алат. Аталган комиссияны монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты күчөтүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Надырбек Турганбаев жетектейт.(ZKo)