Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Жарандык коом шайлоону иш күндөрү өткөрүүгө каршы


Анткени бийлик бардык шайлоону дагы көзөмөлдү күчөтүп, президенттик шайлоого даярдыктарды көрүүдө, деп билдирди “Демократия жана жарандык коом үчүн ” коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова “Азаттыктын” таңкы маегинде. Анын айтымында, 25-декабрда Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, шайлоону иш күндөрү өткөрүү керек деп, бармакка боек сүртүүнү алып салышкан. “Мурда өлкө атуулдарынын жекшембиде өтүүчү шайлоого баруу же барбоо укугу бар болуучу. Эми иш күнү мамлекеттик мекемедегилерди бирден көзөмөлдөп шайлоого катыштырышат дагы өздөрү каалагандай добуш алышат. Бул бийликтин алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгы”,-дейт Ошуракунова. Ал ошондой эле “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн курамынан түзүлгөн Борбордук шайлоо комиссиясын тез арада реформалоо керектигин кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG