Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

“Асаба” партиясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек таратты


Бүгүн “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясы республикалык майыптар коомундагы 103 мүмкүнчүлүгү чектелген балага жаңы-жылдык белектерди, Ак тилек конушунун тургуну Кубакеева Мирага кольяска берип, чакан концерттик программа тартуулады, деп билдирди “Асабанын” мүчөсү Жолдошбек Орозов “Азаттыкка”. Анын айтымында, “Асаба” партиясы жаңы жыл алдында жашоосу начар ардагерлерге акчалай жардам, Токмоктогу майып балдарга жылуу төшөк, телевизор, электр жылыткычы, Беловодскидеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө кийим-кечек, азык-түлүк берип келди. “Жакын арада 150 тонна көмүрдү Жумгал, Түп райондорундагы жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө таратып баштап, башка аймактарга да жеткиребиз”,-дейт Орозов. (AJ)

XS
SM
MD
LG