Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Генерал И.Исаковго кылмыш иши козголду


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаковго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, шаардан чыкпоо тууралуу тил кат бергендигин Исаков өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бийлик аны оппозициялык иштер менен эл менен жолугуштурууга чыгарбоо үчүн ушундай кадамга барды. Ал ошондой эле кылмыш иши чарбалык же кызматтык негизде эмес саясий негизде козголгонун кошумчалады. Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза болсо бул жерде эч кандай саясий мотив жок экендигин, И.Исаковго карата жалпы мыйзамдык негизде сурак жүргүзүлгөндүгүн айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG