Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Нарында «күл» ылаңынан койлор өлүмгө учуроодо


Мындай маалыматты өз ысымын айтуудан айбыккан Нарын шаарынын тургуну, жеке ишкер билдирди. Анын короосундагы отуздан ашуун койлорунун арасынан эки башы «күл» дарты менен өлүмгө учураган. Нарын шаардык мамлекеттик ветеринария башкармасынын жетекчиси Ишенбек Алмамбетов малдын «күл» ылаңы Нарын шаарында каттала электигин, береги оору Нарын районунун аймагындагы Кара-Бүк деген жерде болгондугун айтты. Малдын ден соолугун көзөмөлдөө боюнча Нарын аймактык борборунун адистери мындай маалымат түшпөгөндүгүн белгилешти. Нарын райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысы Замир Кемелбеков дарт ветеринардык диагностикадан аныкталбагандыгын, бирок Эмгекчил айыл өкмөтүнүн аймагындагы мерчемдүү сарайлардагы мал эмдөөдөн өткөрүлгөндүгүн билдирди.(KUs)

XS
SM
MD
LG