Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Бангладеш: шайлоодо мурдагы премьер-министр жеңишке жетишти


Расмий маалыматтарга караганда, кечээ өткөн парламенттик шайлоонун натыйжасында мурдагы премьер-министр Хасина Вазед баштаган альянс жеңишке жетишти. Алар 300 орундуу парламенттеги орундардын үч чейректен ашуунун ээлеши мүмкүн. Бул альянстын башкы атаандашы, дагы бир мурдагы премьер-министр Халеда Зиа баштаган коалицияга депутаттык орундардын 30гана тийчүдөй. Жогорудагы эки аял 140 миллион калкы бар Бангладешти 2006-жылга чейин 15 жыл бою алмак-салмак башкарып келген. Ал эми акыркы эки жылдан бери бийликте армияга таянган өкмөт турууда. Азыркы шайлоо өлкөдө демократияны калыбына келтирүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG