Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Газпром Украинага көгүлтүр от берүүнү токтоторун кайрадан эскертүүдө


Орусиянын газ гигантынын эскертүүсүнө караганда, Украинага көгүлтүр от жөнөтүү эгер Киев эртең кечке чейин карызын төлөбөсө, 1-январдан тарта токтотулат. Бул тууралуу бүгүн Газромдун башчысы Алексей Миллер билдирди. Анын айтымында, Украина быйылкы жылга карызын толук төлөмөйүнчө, 2009-жыл үчүн контракт да түзүлбөйт.

Ал ошондой эле жаңы жылга Украина үчүн газ баасы эки эсеге жогорулап, 1000 кубометрине 418 АКШ долларын түзүүсү мүмкүн экенин кошумчалады. Газпромдун ырастоосунда, Украинанын Нафтогаз компаниясынын карызы учурда 2 миллиард доллардан ашуун.

Украина менен Орусиянын ортосунда газ боюнча талаш акыркы төрт жылдан бери жүрүп келүүдө. 2006-жылы Орусия Украинага газ берүүнү токтоткондо, Борбордук жана түштүк Европанын бир нече өлкөсү да жабыр тарткан.

XS
SM
MD
LG