Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Израил Газада ХАМАСка каршы узак урушка даяр


Израилдин билдиргенине караганда, ал Газа секторунда исламчыл ХАМАС тобуна каршы чабуулун "бир нече апта" улантууга даяр. Израилдин коргоо министринин орун басары Матан Вилнай ХАМАСтын кубаты кетип бара жатканын, бирок анын өлкөсү "узак жаңжалга жана бир нече аптага созулуучу" урушка даяр экенин белгиледи. Ал эми Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт Газадагы операция "бир нече баскычтын биринчиси" экенин айткан.

Израил ХАМАСтыкы делген жайларга абадан сокку уруп жатканына бүгүн төрт күн болду жана алардын ырастоосунда, операциянын максаты – Газадан өлкө аймагына ракета атылуусун токтотуу.

Палестиналык дарыгерлердин маалыматына караганда, аба чабуулдарынан 350дөй киши каза тапты. Улуттар уюмунун эсебинде, алардын кеминде алтымышы жөн-жай тургундар. Ал эми Израил тараптан үч жөн-жай тургун, бир жоокер мерт болгон. Улуттар уюму ок атышууну тезинен токтотууга чакырганы менен эки тарап тең ага моюн сунган жок. ХАМАС Израилдин шаарларына ракета атууну улантарын эскертүүдө.

Бул аралыкта Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Газа секторундагы кырдалды Париждеги бүгүнкү чукул жыйынында талкуулаган жатат. Ал эми Египтет Газа сектору менен чек арасын бул аймакта палестин президенти Махмуд Аббастын бийлиги орномоюнча жабып турарын билдирди.

XS
SM
MD
LG