Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Украина Орусияга газ үчүн карызын төлөгөнүн ырастоодо


“Нафтогаз” компаниясынын жетекчилиги шейшемби күнү 1 миллиард 52 миллион долларды РосУкрЭнерго арачылык компаниясынын банк эсебине жөнөтүлгөнүн билдиришти. Орус тарап азырынча акча эсепке түшпөгөнүн айтууда. Украин президенти Виктор Ющенко тараткан билдирүүсүндө орусиялык газ үчүн карыз төлөнгөнүн тастыктады. “Газпром” эгерде 1-январга чейин Киев 2 миллиард доллар карызын төлөбөсө, Украинага газ берүүнү токтоторун бир нече ирээт эскертип келген.

XS
SM
MD
LG