Бул тууралуу “Кыргыз Газ” мамлекеттик ишканасынан “Азаттыкка” билдиришти. Кечээ Ташкенде өткөн кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Өзбекстан газдын миң кубометри үчүн 250 доллар алууга макулдугун билдирген. Кыргызстан бааны дагы 20-30 долларга төмөндөтүүгө аракет кылууда. Газды импорттоого байланыштуу өткөн аптанын бейшемби-жума күндөрү башталган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө өзбектер көгүлтүр оттун миң кубометрине 300 доллар сурашкан, ал эми кыргыз тарап анын тең жарымын, тагыраак айтканда 145 доллар берүүгө макулдугун билдирген.(ZKo)