Бир суткада жасалган ар кандай кылмыштардын 33чү изи сууй электе ачылды. Ал эми мурда жасалган үч кылмыштын дагы бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 30-декабрда Совет-Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинен Аламүдүн жана Свердлов райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан О.Чоноров аттуу жаран кармалып, анын жанынан диний багыттагы 30 баракча табылган. (AJ)