Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнү бир аптадан бери изоляцияда калды


Кардын калыңдыгы 1,5-2 метрге жетти. 100 чакырымдай автожол бөгөлдү. Алайкуу өрөөнүндөгү төрт айыл өкмөтүнүн 20 миңдей калкы тыш дүйнө менен байланышсыз калды. Электр энергиясы жок, телефон түйүндөрү кыйраган. Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Кара-Кулжа районунун акими Айтмамат Осмонов облус губернатору Аалы Карашев учурда кырсык баскан аймакта жүргөндүгүн билдирди. Райондук борбордон баратып жолдо калган Алайкуу айыл округунун башчысы Нуркамил Бөпөев аймакты өкмөтү өзгөчө камкордукка албаса, мындай кыйынчылык жылда кайталанаарын белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG