Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Израиль Газага чабуулун токтотууга көнбөдү


Газадагы атышууларды убактылуу токтотуу боюнча планды Израиль “аткарууга мүмкүн эмес сунуш” деп атады. Франция сунуштаган пландын негизинде атышуулар эки күнгө токтоп турмак да, ал учурда Газага гуманитардык жардам жеткирилмек. Бирок Израиль чабуулдарын токтотсо эле ХАМАС да Израилдин түштүгүнө атып жаткан ракеталарын учурбай коет деген кепилдик жок экенин айтты. Ошол эле маалда Израиль бул планды баары бир четке какпай турганын кошумчалады. Израилдин аскерлери Газа тилкесин өткөн ишембиден бери чабуулга алып келатат. Төрт күндүн ичинде Газада 370 палестиналык тургун набыт болду. Ал эми Израильде ХАМАСтын ракеталарынан төрт киши көз жумганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG