Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Украина орус газы үчүн карызын төлөгөнүн билдирди


Өлкөнүн мамлекеттик “Нафтогаз” компаниясы шейшембиде орус-украин биргелешкен РосУкрЭнерго ишканасынын банк эсебине 1,5 млрд.доллардан ашуун акчаны которгонун айтты. Бирок аталган ишкана да, Орусиянын “Газпром” компаниясы да акчаны толук алышканын азырынча ырасташа элек. Буга чейин “Газпром”, эгерде Украина эки млрд.доллардай карызын тезинен төлөбөсө, 1-январдан тарта Украинага газ берүү токтотулаарын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG