Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 01:20

Стратегиялык талдоо жана баа берүү институту түзүлдү


Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Курманбек Бакиев кечээ 31-декабрда кол койду. Президенттин басма-сөз кызматынан маалымдашкандай, аталган мекеме президентке караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун базасында президенттин ишин маалыматтык жана долбоордук-талдоо жагынан камсыз кылууну мындан ары да оптималдаштыруу максатында түзүлдү. Институттун жетекчисине бир айлык мөөнөттө институт жөнүндө жобо боюнча жана институттун түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды. (MSu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG