Бул тууралуу “Азаттыкка” Өрт өчүрүү кызматынын күзөт бөлүмүнөн кабарлашты. Күзөтчүлөрдүн билдиргенине караганда, ири көлөмдөгү өрт катталган жок, өрт негизинен жардыргыч заттардын туура эмес пайдалануусунан келип чыкты. Өткөн түнү 12-кичи районундагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 2 адам жаракат алды. Өрт эмнеден келип чыккандыгы учурда иликтенүүдө. Өрт өчүрүү кызматынан билдиришкендей, быйыл жаңы жылга караган түнү өрт былтыркы жылга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Былтыр 1-январга караган түнү шаар боюнча 3 өрт катталган. (MSu)