Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 04:30

К.Бакиев: Өткөн жыл Кыргызстан үчүн саясый турктуулуктун жылы болду


Мындай пикирин президент К.Бакиев кечээ кыргыз элине жолдогон Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө айтты. Президенттин белгилешинче, өткөн жылы Кыргызстанда өнүгүү жолуна олуттуу кадамдар жасалды, бир катар социалдык маселелер чечилди. Ошондой эле президент 2008-жылы ийгиликтер, жетишкендиктер менен бир катар азык-түлүккө баалардын жогорулашы, энергетика тармагындагы оор абал, дүйнөлүк каржы кризисинин тийгизген таасири менен коштолгонун, өткөн жыл мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, өлкөдө коопсуздукту камсыздоого жана социалдык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. (MSu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG