Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Орусия Украинага газ берүүнү токтотту


Бул тууралуу бүгүн “Газпром” компаниясы билдирди. Орус газын Украинага жөнөтүү боюнча биргелешкен келишимдин мөөнөтү бүгүн аяктаган. “Газпром” менен Украинанын “Нафтогаз” ишканасы жаңы келишимди түзүү үчүн бир пикирге келе албай коюшту. Орусия жаңы жылда газдын ар бир миң куб.метрин Украинага 250 доллардан сатаарын айтты. Украина болсо газды 201 доллардан гана алууга кудурети жетээрин айтып жатат. Орусия газ үчүн Украина карызын төлөй элек дейт. Украина бийликтери болсо 2008-жыл боюнча карыз толугу менен төлөнгөнүн айтууда. Орусия Европага көгүлтүр газды Украинанын аймагы аркылуу жөнөтөт. “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер европалыктарга газ үзгүлтүксүз берилет деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG