Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Украинага жок, Европага бар


Орусия Украинага газ берүү токтотулганы менен, европалыктарга газ үзгүлтүксүз берилет деп ишендирди. Орусия Европага көгүлтүр газды Украинанын аймагы аркылуу жөнөтөт. 1-январдан тарта Орусиянын монополисти “Газпром” Украинага газ берүүнү токтоткон. “Газпром” менен Украинанын “Нафтогаз” ишканасы жаңы келишимди түзүү үчүн бир пикирге келе албай коюшкан. Орусия жаңы жылда газдын ар бир миң куб.метрин Украинага 250 доллардан сатаарын айтты. Украина болсо газды 201 доллардан гана алууга кудурети жетээрин айтып жатат. Мындан сырткары Орус тарап Киев газ үчүн 2 миллиард карызын төлөй элек десе, Украина карыз толугу менен төлөнгөнүн ырастоодо.

XS
SM
MD
LG