Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Жаңы жыл түнү Москвада кыргызстандык эки жаран каза тапты


РИА маалымат агенттигинин кабарлаганы боюнча теги кавказдыктар менен кыргызстандык мигранттардын ортосунда чыккан чатактан улам, үч кыргызстандык бычак жеп, экөөсү ошол жерде каза болушкан. Окуя 31-декабрдан 1-январга оогон түнү, Москванын түштүк –батыш тарабындагы Болотников көчөсүндө болгон. Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров тастыктады. Элчинин “Азаттыкка” билдиргени боюнча каза болгондор 20 жана 23 жаштагы бир туугандар болгон, бул ишке байланыштуу Москва милициясы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. Элчилик тарабынан болсо сөөктөрдү Кыргызстанга жиберүү аракеттери көрүлүүдө. Райымкул мырза азырынча каза болгондордун аты-жөнүн атоодон баш тартты. Анын айтуусунда жаңы жылдын алдында кыргыз элчилиги Москвадагы кыргызстандык жарандардын башын бириктирген уюмдардын жетекчилери менен жолугушуп, майрам күндөрү этиет болууну эскерткен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG