Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Зыяратчылардын акыркы тобу Кыргызстанга 3-январда келет


Бул тууралуу муфтийдин орун басары Мамбетасан Ибраев “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, 42 адамдан турган зыяратчылардын тобу Бишкекке эртең 3-январда келет деп күтүлүүдө. “Зыяратчылар саат канчада учуп келээри тууралуу азырынча так маалыматыбыз жок. Аба-ырайы жакшы болсо, эртең учуп келишет”, дейт А.Ибраев. Зыяратка барган мекендештер Кыргызстанга 3 өлкө - Иордан, Иран жана Турция аркылуу учуп келишүүдө. Белгилей кетчү жагдай, Мекеге ажылыкка баргандардын Кыргызстанга өз убагында келбей калышынан улам ажылык сапардын уюштуруучуларынын дарегине бир катар сын-сөздөр айтылып келген. (MSu)

XS
SM
MD
LG