Түркмөнстан түркмөн манатындагы тыйындардан Сапармурат Ниязовдун сүрөттөрүн алып салат. 2009-жылдын этегинен тарта Түркмөнстанда түркмөн манаты жаңыча колдонууга берилмекчи. Анда тыйындардан эки жыл мурда каза болгон түркмөнбашы Ниязовдун сүрөттөрү алынат. Азыркы манаттын артындагы нөлдөр да кыскартылат. Мисалы, азыркы 5 миң манат кийин 1 манат болуп калат деп кабарланды.