Айыл ардагери Ормон Алимовдун айтымында, бүгүн Торук айылында болгон жыйынга бир бөлүгү Өзбекстанда калган айылдын тургундары да катышты. Алар коңшү мамлекетте турган жердештерин Кыргызстан тарабына көчүрүп алуу маселесин талкуулашты. Ал үчүн кыргыз өкмөтунөн компенсация берилсе деген тилектерин билдиришти. Маселе Жогорку Кеңеште да каралышы зарыл. Торук кыштагынын Өзбекстан тарабында 200дөн ашык кыргыз жарандары жашайт. Ормон Алимов аталган көйгөй райондук бийлике далайдан бери коюлуп келаткандыгын айтты. Райондун акими Аскербек Алиев Торук айылынын тагдырын чек араларды аныктоо боюнча комиссиянын иш алкагында кароо абзел деп мурда билдирген. Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө өз кезегинде торуктуктарды көчүрүп алууга жер жетиштүү, адегенде Өзбекстан тосуп алган ошол төрт гектар жердин тагдырын чечүү керек деп эсептешет.
Торук айылынын Өзбекстанда калган бөлүгү Кыргызстанга көчүрүп алууну суранып Жогорку Кеңешке кайрылды