Бул тууралуу КМШнын эл аралык статистикалык комитетине таянып, «Интерфакс» маалымат агенттиги билдирди. Ага ылайык өткөн жылы жалпы КМШ аймагында кылмыштуулук 11 % га азайган. Бул көрсөткүч өзгөчө Белорус, Орусия, Тажикстан, Украина өлкөлөрүнө тиешелүү. Ал эми Азербайжан, Армения, Молдова, Казакстанда жана Кыргызстанда тескерисинче,былтыр кылмыштуулук күчөгөн өлкөлөр тизмесине кирди. (EK)