Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

Кыргызстанда саясий куугунттукка каршы күрөшүүчү жаңы топ түзүлөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, топ саясий куугунтукка каршы күрөшүү жана ага негиз болгон жагдайларды иликтеп, чыныгы себебин коомчулукту кабардар кылып туруу максатын көздөйт. Топ андан тышкары сөз жана басма сөз эрркиндигин кысымга алууга каршы күрөшөт. “Азыр топто иштей турган 5-6 белгилүү юрист менен адвокат макулдугун берди, эми журналисттик иликтөө жүргүзө турган журналисттерди тартабыз”,-деген Топчубек Тургуналиев буга кыргыз бийлигине каршы сүйлөгөн адамдарды, алардын жакындары менен балдарына чейин айыбы бар же жогуна карабай куугунтуктоонун күч алышы түрткү бергендигин белгиледи. Анын айтымында, аталган топ Тургуналиев 2001-жылы түзгөн “Адам укуктары менен эркиндиктери” деген институттун негизинде түзүлүп, БЭК жана Элдик революциялык кыймыл менен эриш-аркак иштейт жана ушул айдын орто ченинен тарта ишке киришет.(BD)

XS
SM
MD
LG