Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Ушул айда президент К.Бакиев Орусияга барат


Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин “Азатыкка” билдирүүсү боюнча президент Орусияга жумушчу сапар менен барат. Анын максаты буга чейин эки өлкө ортосунда кол коюлган макулдашуулар менен келишимдердин аткарылышын талкуулоо жана Орусия Кыргызстанга берүүгө ниеттенип жаткан 2 миллиард долларды кайсы тармакка салуу планын аныктоо.Буга чейин коомдо аталган каражат Камбар-Ата –2 ГЭСинин курулушуна салынат деген маалымат пайда болгон. Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы өкмөт мүчөлөрү мынча каражат Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмүн эки эсеге көбөйтүп, бара-бара суу-энергетикалык ресурстарга Орусияны ээлик кылууга алып барат деп каршы болуп жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG