Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Укук коргоочулар адам укуктарын коргоо талабы менен пикетке чыгышат


Мындай маалыматты “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, адам укуктарынын абалы мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2008-жылы абдан катуу төмөндөп, жарандардын социалдык, саясий укуктары басмырланды. Буга эркин гезиттердин жабылып, журналисттердин чет өлкөлөргө качышы, “Азаттык” үналгысынын берүүлөрүнүн УТРКнын толкунунан алынышы, саясий оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышы жана Ноокаттагы тополоң боюнча көп адамдардын оор жаза алышы күбө. “Мындай кысымдарга каршылык көрсөтпөсөк бийлик элди унчукпас коомго айландырып алат”,-деген Азиза Абдрасулова ушул айдын ортосунан тарта нааразылык акцияларын өткөрүүгө даярдык көрүлө баштагандыгын жана анда сөз жана басма сөз эркиндигин калыбына келтирүү башкы талап болорун кабарлады.(BD)

XS
SM
MD
LG