Муфтияттын өкүлү Толкунбек Арсен уулунун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, 3-январь күнү 42 адамдан турган зыяратчылардын акыркы тобу Йордандын Амман шаарына келишкен. Ал эми бүгүн Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келээри күтүлүүдө. Буга чейин кыргызстандык зыяратчылар мекенине 3-январда кайтып келээри маалымдалып келген. Быйыл ажылык сапарга аттангандардын саны 4,5 миңге чукул болду. Алардын жетөө көз жумуп,сөөктөрү ошол жерге коюлган. (MSu)