Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Мусулмандар биримдиги Газа тилкесиндеги кырдаалга кабатыр


Кыргызстандагы Мусулмандар биримдиги Израил аскерлери Палестин автономиясынын тургундарына каршы чабуул жасап жаткан Газа тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” биримдиктин төрагасы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Кайрылууда бейкүнөө адамдардын курман болушуна ислам, христиан, будда жана башка диндерди тутунган адамдар жол бербеши керек деген чакырык дүйнө коомчулугуна айтылып, Газа тилкесинен Израилдин аскерлери чыгарылсын деген талап коюлган. Биримдиктин жетекчилиги кайрылууну бүгүн БУУ, ЕККУ уюмдарына жана АКШнын, Кытайдын, Орусиянын Кыргызстандагы элчиликтерине берип, аны эске алууну өтүнүшөт.(BD)

XS
SM
MD
LG